Бишкекте жыл сайын 1200-1300 даана эскилиги жеткен бак-дарак кыйылат


























Бишкекте жыл сайын 1200-1300 даана эскилиги жеткен, куураган, кулап түшүү коркунучундагы бак-дарак кыйылат. Муну бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына “Зеленстрой” муниципалдык ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер билдирди. Анын айтымында, борбордо эскилиги жеткен дарактар өткөн кылымдын 50-60-жылдарына таандык, алардын жашоо мөөнөтү бүттү.
“Орто эсеп менен жазы жалбырактуу дарактардын жашоо узактыгы 50-70 жылды түзөт. Негизинен Бишкектеги бактардын 50 пайызы эски деп эсептелинет. Алардын кооптуу абалга келип калгандарын жыл сайын кыйып жок кылабыз. Ал эми байкасаңыздар керек, учурда ийне жалбырактуу өсүмдүктөр (карагай, арча ж.б.) массалык түрдө саргарып калды. Бул көрүнүш аба ырайына байланыштуу болгон, өсүмдүктөр күнгө күйүп кетишти.
Ал эми кыйылган бак-дарактын ордуна жыл башынан бери 874 даана ийне жалбырактуу, 3 миңден ашык жазы жалбырактуу дарактын, 187 бадалдын, 8 миңден ашуун табигый бадал тосмолорунун көчөттөрү тигилген”,-дейт Кравер.
(Тартылган сүрөттөрдө Турусбеков көчөсүнүн Москва жана Киев көчөлөрү менен кесилишкен аймактарындагы көрүнүш көрсөтүлгөн).

