super.kg logo
  Саясат  

Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу жөнүндөгү келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору жактырылды

 

Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу жөнүндөгү келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору 3 окууда жактырылды. Мындай чечим Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 19-майдагы жыйынында кабыл алынды. 

Экономика министри Олег Панкратов бул келишим ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин баарынын парламенттери тарабынан ратификациялангандан кийин гана толук күчүнө кире турганын билдирди. “Келишим күчүнө киргенден кийин кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алынат”,- дейт Панкратов. 

Министрдин айтымында, келишимге ылайык, өлкөгө 166 товардык позиция боюнча 5 жылдык мөөнөткө убактылуу жеңилдиктер берилет.

Андан сырткары комитет тарабынан Кыргыз Республикасы, Орусия, Казакстан мамлекеттеринин ортосундагы салык салуу боюнча макулдашууну денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоору да жактырылды. Өлкө ЕАЭБ курамына кошулуусу тууралуу келишим толук күчүнө кирген күндөн тарта бул үч өлкөнүн ортосунда түзүлгөн салык салуу боюнча макулдашуу өз күчүн жоготот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: