Кыргыз жериндеги шаардык мэриялардын кызматкерлери Түркиядан тажрыйба топтошот



Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган программанын КРнын Стамбул шаарындагы консулдугунун ишке ашыруусунун алкагында Стамбул шаарына кыргыз жеринен делегация барды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда ТИМдин маалымат кызматы билдирди. Делегациянын курамы кыргыз жериндеги шаардык мэриялардын салык тармагы боюнча иштеген 16 кызматкеринен турат. Программаны ишке ашыруу 14 күнгө пландалганы, бул аралыкта кыргыз мамлекетинин кызматкерлери түркиялык кесиптештеринин иш тажрыйбасы менен таанышып чыгышары айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

