super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар “Хизбут-Тахрир” уюму студенттерди азгырууда" дешти

 

Кыргыз мамлекетиндеги диний кырдаал бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында талкууланды. Депутат Каныбек Осмоналиев республикада 2696 диний уюм катталганын, мунун 2316сы ислам багытындагы диний уюмдар экенин билдирди. Өлкөдө 2135 мечит, 84 ар кыл багыттагы диний мекемелер, 87 медресе жана 10 ислам жогорку окуу жайы бар экенин айтты. 

Осмоналиев диний чөйрөдөгү көйгөй катары “Хизбут-Тахрир” уюмунун ЖОЖ студенттерин өзүнө тартып жатканын атады. Талкууда Ички иштер министрлиги, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү да салттуу ислам, христиан дин өкүлдөрү менен биргеликте мектептерде, ЖОЖдордо лекциялар окулуп, теологиялык факультеттер ачылып жаткандыгын маалымдашты. Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов былтыр диний чөйрөдө жалпысынан 76 кылмыш иши козголуп, анын 27си сотко өткөрүлгөндүгүн билдирди. 

Жыйынтыгында өкмөткө, күч түзүмдөрүнө, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга, тармактык министрликтерге тиешелүү тапшырмаларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: