Руслан Түмөнбаев: "Дзюдочулардын Азия чемпиондугуна катышып келүүсү үчүн бюджеттен 903 миң сом бөлүнгөн"

Дзюдо боюнча улуттук кураманын Кувейтте өткөн Азия биринчилигине катышып келүүсү үчүн Олимпиадага даярдоо борборунун эсебинен 903 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына аталган борбордун директорунун орун басары Руслан Түмөнбаев билдирди.
Анын айтымында, бул кыз-келиндер курамасы жана уландар курамасы үчүн каралган жалпы сумма. Азия чемпиондугуна кыргыз желеги астында жалпысынан 8 спортчу (анын ичинен 4 кыз) 2 машыктыруучунун жетеги астында катышкан. "Учурда каражатты кармабай, убагында берип жатабыз. Мелдештерге катышуу жана машыгуу сборлорунан өтүү үчүн жөнөп жаткан спортчуларга алдын ала учак билети алынат",- деди Р.Түмөнбаев.
Кошумчалай кетсек, 13-14-май күндөрү Кувейтте өткөн Азия биринчилигинде кыргыз спортчулары 2 медалды багындырышкан. Отар Бестаев 60 килограмм салмакта коло тагынса, дагы бир спортчубуз Юрий Краковецкий 100 килограммдан жогорку салмакта татамиге чыгып, күмүш медаль тагынды. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
bayana1987

20.05.2015. 11:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар досум, ийгиликтер боло берсин. Ар бир жасап жаткан ишинердин аркасында ийгиликтер болот деп ишенем. Себеби силер буга чейин билеттердин алынбай калган, акчалардын болунбой калган маселелеринен азап тартып бутконсунор. Бул силер учун чон сабак болгон.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.