super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар бейөкмөт уюмдарга өлкөнүн саясатына кийлигишүүгө тыюу салганы жатышат

 
Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин отурумунда "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланууда.
Документке ылайык, Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана чет мамлекеттерден акчалай каражаттарды алган коммерциялык эмес уюм чет өлкө агентинин иш-милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет. 
Бул долбоор менен демилгечи депутаттар коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, мүлктүн курамы жана коммерциялык эмес уюмдун чыгымдары, кызматчылардын сан-эсеби жана курамы, алардын эмгегин төлөп берүү коммерциялык эмес уюмдун ишинде жарандардын акысыз эмгегин пайдалануу жөнүндө маалыматтар боюнча отчёт берүүгө милдеттендиргени жатышат. Мындан тышкары бейөкмөт уюмдарга өлкөнүн ички саясатына кийлигишпөө боюнча норма киргизилгени жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: