super.kg logo
  Саясат  

Президент жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине жарандарды кабыл алуу шарттарын жакшыртуу жөнүндө мыйзамга кол койду

 

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 19-майда президенттик аппараттан билдиришти.

Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине жарандарды кабыл алуу шарттарын жакшыртуу болуп саналат.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн өзгөртүүлөр киргизилип, аларга ылайык:

1) кызматка кабыл алууда талапкерлерге 1,5 жыл иш тажрыйбасы керек деген талап алынып салынат;

2) анык аскердик кызматты өтөгөн же үй-бүлөлүк абалына байланыштуу негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкаркы) кызматтан өткөн жарандар гана кызматка кабыл алынышат;

3) аскердик жана альтернативдик кызмат өтөгөндүгүнө карата талаптар аялдарга жайылтылбайт;

4) ортоңку жана улук жетекчи курамдагы кызмат ордуна келишимдик негизде кызматка кабыл алынчуларга чектөөлөр белгиленет (салыштырмалуу таблица тиркелет).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: