super.kg logo

Орусиялык жылдыз, “Жылдын ыры” берүүсүнүн алып баруучусу Евгений Меньшов 68 жаш курагында каза болду

 

Орусиялык “Жылдын ыры” телевизиондук программаcынын алып баруучусу Евгений Меньшов 68 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Алардын билдирүүсүнө ылайык, Орусиянын Эл артисти 19-май күнү кечке жуук көпкө созулган оорудан улам ооруканадан көз жумган. Маалым болгондой, Эл артистин акыркы сапарга узатуу зыйнаты тар чөйрөдө өткөрүлөт. 

Биз эң жакын адамдарды гана чакыралы деп чечтик, бул маалыматты элге таратып уу-дуу жараталы деген жокпуз. Евгений мен үчүн идеалдуу адам болчу. Андан эч качан жаман сөз уккан эмесмин, ушундай адамдар жашоодо болоруна ага жолукканда билгем. Экөөбүз бирге 8 жыл түтүн булаттык, эми минтип бири-бирибизден ажырап отурабыз”,- деди жубайы Ольга Грозная. 

Айта кетсек, Евгений Меньшов Орусиянын белгилүү музыкалык “Жылдын ыры” аттуу телепрограммасын Ангелина Вовк менен бирге 18 жыл алып барган. 






"Жылдын ыры" берүүсүнүн алып баруучусу Евгений Меньшов каза болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: