Депутаттар эки жума мурун Орусияда эки кыргыз кызы асып өлтүрүлгөнүн билдиришти
Жогорку Кеңештин 20-майдагы жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев эки жума мурун Орусиянын Свердлов облусунда эки кыргыз кызы токойдо асып өлтүрүлгөнүн айтып, бирок алардын ата-энелери кыздардын жансыз денелерин таба албай жатышканын билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
"Маркумдардын сөөктөрүн Орусиянын тийиштүү органдары табышкан. Бирок кыздардын туугандарын таба албагандыктан көмүп салышыптыр. Эми маркумдардын ата-энелери кайрылып, жардам сурашууда. Бул окуянын аркасынан түшүш керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү чет өлкөлөрдө курман болгон мекендештерибиздин саны өсүүдө",- деди депутат.
Андан соң ал аталган облустун Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүнө тергөө жүргүзүүгө тапшырма берүүнү суранды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

