super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн футбол боюнча өлкө биринчилигинде бишкектик “Дордой” өз үйүндө “Ала-Тоо” клубун кабыл алат

 

Бүгүн, 20-майда футбол боюнча өлкө биринчилиги – ТОП-Лиганын кезектеги турунда лидер “Дордой” өз үйүндө “Ала-Тоо” клубу менен беттешет. Акыркы турда Ош шаарында “Алай” клубуна утулуп калган “Дордойдун” бул оюн менен өзүнө болгон ишенимди кайрадан кайтарып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми 5 оюнда 1 ирет тең чыгып, калган оюндарын уттуруп келаткан “Ала-Тоону” мында да ийгилик коштобой калуусу толук ыктымал. Себеби команданын алдынкы оюнчулары өлкөнүн олимпиадалык курамына алынып, Бириккен Араб Эмираттарында жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туруна катышууда.

“Дордой” (Бишкек) – “Ала-Тоо” (Нарын)

Башталышы: 17:30

Стадион: “Дордой” спорткомплекси

Кошумчалай кетсек, бул 2 клуб 7-апрелде старт алган өлкө чемпиондугунда 3-ирет кездешип жатат. Алгачкы оюнда “Дордой” атаандашын 1:0 эсебинде утса, кийинки оюнда 5:1 эсеби катталган. 

Мелдеш жадыбалы: 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.05.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быйыл тушунуксуз элэ чемпионат болду го. Дордой баары мн 2жолу ойноп бутту. Калгандары 4 тон гана оюн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: