super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев: “Шайлоого керектүү делинген жаңы жабдыктар 1-августка чейин сатылып алынат”

 

Шайлоого керектүү делинген жаңы жабдыктар 1-августка чейин сатылып алынат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 20-майда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, үч тараптуу меморандумга ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун "Өнүктүрүү" программасы долбоордун алкагында 3 миң лэптоп, 3 миң манжа басмаларынын сканерлерин, сервер жана тармак жабдууларын, 4 миң термопринтер, 3 миң үзгүлтүксүз электр булактарын жана 2,5 миң дубалга орнотуучу мониторлорду сатып алат.

Бул жабдуу быйыл күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо жаңыдан киргизилүүчү шайлоочуну идентификациялоо боюнча автоматташтырылган системдин бөлүгү. Ал систем Мамлекеттик каттоо кызматы чогулткан биометрикалык маалыматты колдонуп, шайлоо участкасына келген жаранды идентификациялайт да, анын аты-жөнүн жана сүрөтүн байкоочулар үчүн дубал мониторлоруна чыгарып берет.

Аталган техникалардын шайлоо аралык мезгилде сактыгын жана эффективдүү иштешин өкмөт тиешелүү органдардын жардамы менен көзөмөлдөйт”,- деди Сарпашев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: