Жогорку Кеңеш кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кирүүсү боюнча ратификациялоону карап жатат
Жогорку Кеңеш кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча ратификациялоону карап жатат. Жыйында өкмөт башчы Темир Сариев депутаттарга кайрылып: "Ратификациялоону канчалык тез өткөзүп берсеңер, аталган биримдикке ошончолук тез арада толук мүчө болобуз",- деп билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБге кирүү - бул тарыхый чечим. "Дүйнө өлкөбүзгө орчундуу маселелерди коюп жатат. Биз мындай чакырыктарга жооп беришибиз керек. Биргелешүү - азыркы мезгилдин глобалдык жообу. Күч - бирдикте, күч - биримдикте. Президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт бир муштум болуп туруп берди. ЕАЭБге кирүү боюнча чечимге бир күндө келген жокпуз, 3 жылдык чоң иш жүрдү",- деди Сариев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















