Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы "Жаштар" коому менен биргеликте энелерге майрамдык маанай тартуулады
Энелер күнүнө карата Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги "Жаштар" коому менен биргеликте Сузак районунун Октябрь айылындагы карылар үйүндө күн кечирип жаткан 44 энеге кийим-кече жана түштөнүүдөн кийинки таттууларды белек кылды. Иш-чара учурунда энелерге ОИИБинин медицина кызматы тарабынан акысыз медициналык кароо да жүргүзүлүп, андан соң концерттик программа тартууланды.
Аталган жайдын жашоочулары иш-чаранын уюштуруучуларын жагымдуу маанайда, мээрим менен тосуп алышты. Алар ыраазычылык катары ырларын сунушуп, коомчулукта милиция кызматкерлеринин кадыр-баркы өсө беришин баса белгилеп, бата берип узатышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:24
2025-11-07
15:27
2025-11-07
14:27
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















