super.kg logo
  Саясат  

“Ата Журт” кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык союзга кирүүсүнө тийиштүү мыйзам долбоорлорун жактырды

 

Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясы кезексиз жыйынга чогулуп, кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнө байланыштуу мыйзам долбоорлорун карап, жактырды. Жыйынга премьер-министр Темир Сариев, экономика министри Олег Панкратов катышты. Фракция депутаттары бүгүнкү күндө өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсүнүн маанисин белгилешип, сунушталган мыйзам долбоорлорун колдоо пикирлерин билдиришти.

Жыйынтыгында төмөндөгү мыйзам долбоорлору колдоого алынды:

- “2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору. 

- “2000-жылдын 10-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара соодада кыйыр салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору.

- “1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору.

- “1997-жылдын 11-июнунда Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды экспорттоодо жана импорттоодо акциз салыгын алуу принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: