super.kg logo
  Саясат  

ЕАЭБге кирүүнүн алкагында айрым ишкердиктин түрлөрү боюнча каатчылыкка каршы иштер пландаштырылууда

 

Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүнүн алкагында айрым ишкердиктин түрлөрү боюнча каатчылыкка каршы иштер пландаштырылууда. Экономика министри Олег Панкратов мындай маалыматты бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйында Панкратов 2000-жылдын 10-октябрында Астана шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусиянын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара соодада кыйыр салык алуунун принциптери жөнүндө" макулдашууну денонсациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору боюнча баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын Бажы биримдигинин кыйыр салык салуу чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук база менен ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Ал колдонуудагы мыйзамдарга толугу менен ылайык келет жана аны ишке ашыруу үчүн бюджеттен кошумча каржылоо булактарын табууну талап кылбайт.

Панкратов ишкерлерди колдоо максатында Кыргыз-Орус фонду түзүлгөндүгүн айтып, канаттуулар фабрикасы, ун өндүрүү сындуу айрым ишкерликтин түрлөрү боюнча каатчылыкка каршы иштер пландаштырылып жатканын билдирди. 

Мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: