Роза Акназарова Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери менен жолугушту
Жогорку
Кеңештин депутаты Роза Акназарова бүгүн, 20-майда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу
академиясынын 2-курсунун студенттери менен жолугушту. Депутат жаштарга Жогорку Кеңештин иш өзгөчөлүктөрү, кыргыз парламентинин ишиндеги жаңы саамалыктар тууралуу кеп кылганын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
"Биз өз ишибизди оптималдаштырып, электрондук документ жүргүзүү, электрондук архив, көзөмөл жана жетимдүүлүк тутуму сындуу жаңычыл усулдарды киргизүү аракетин көрүп жатабыз",- дейт депутат.
Студенттер кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу суроолорду беришип, жооп алышканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

