super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин аял депутаттарынын форумунун кезектеги жыйыны өттү

 

Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин аял депутаттарынын форумунун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Жолугушууда ички иштер органдарынын реформасын ишке ашыруу маселеси талкууланды. Депутаттар ички иштер системин өркүндөтүү жана бул маселеде парламенттик көзөмөлдү камсыз кылуу жагына келгенде ички иштер органдарынын, парламенттин жана ЕККУнун бирдиктүү иши маанилүү экендигин баса белгилешти. Депутат Роза Акназарова өз кезегинде ушул маселеге байланышкан коомдук талкуу өткөрүүнү сунуш кылды. Форумдун мүчөлөрү бул сунушту колдоп, мындан ары да бул боюнча жолугушууга жана жемиштүү кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алууга багытталган мыйзам базасын өркүндөтүүнүн механизмдерин талкуулашты. Депутат Айнуру Алтыбаева белгилегендей, үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоону караштырган мыйзам долбоорун тез арада кабыл алуу зарыл. "Бул мыйзам долбоору балдарга карата кийинки убакта күчөп кеткен зомбулук маселесин чечүүгө багытталган. Эгер бул мыйзам өтсө, биз анын аткарылышы боюнча кошумча чараларды иштеп чыгуучу топ түзгөнү жатабыз",- деп кошумчалады Алтыбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: