super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Кыргыз элин өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү боюнча чечимдин кабыл алынышы менен куттуктайм!"

 
Асылбек Жээнбеков

Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-майда кыргыз мамлекетинин Евразия экономикалык биримдигине кошулушуна байланыштуу келишимдерди ратификациялады. Чечим кабыл алынгандан кийин төрага Асылбек Жээнбеков депутаттарга ыраазычылык билдирип, кабыл алынган чечимдин маанилүү экенин белгиледи. 

"Бүгүн Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу жөнүндө келишимди жана ага тийиштүү протоколдорду ратификациялоо аркылуу тарыхый чечим кабыл алды. Бул чечим – катардагы эмес, тагдыр чечер, мамлекетибиздин келечегин аныктай турган чечим. 

Бүгүнкү жыйынтык, Евразия экономикалык биримдигине кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргоо менен кошулуу оңойго турган жок. Президентибиздин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин чымырканып жасаган иш-аракети менен болду. Абдан терең акыл калчап, кызуу талкуулап, анан аталган биримдикке кошулуу боюнча кадам таштадык",- деди спикер.

Ушул ратификация аркылуу эл жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөргө, ишкерлер эбегейсиз чоң рынокко жетишерине жол ачыларын кошумчалап: 

"Мунун натыйжасында өлкөбүздүн ички ивестициялык мүмкүнчүлүктөрү да кеңеймекчи. Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн, өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшү үчүн абдан туура чечим кабыл алдык. Кыргыз өлкөсүнүн элин мамлекетибиздин чыңдалышына, өлкөбүздүн жаркын келечегине багытталган тарыхый чечимдин кабыл алынышы менен куттуктаймын! Баарыбызды Кудай өзү колдосун!"- деп билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: