Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүш үчүн жер тилкелерин убактылуу пайдалануунун жаңы мөөнөттөрүн белгилөө боюнча мыйзам кабыл алынды
Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам каралды.
Мыйзам долбоору мамлекеттик кызыкчылыктарды, ошондой эле өлкө жарандарынын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан жана үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларын, илимий изилдөөчүлүк, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо жана айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө багытталган.
Анда айыл чарба багытындагы жерлер Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунан үрөн өстүрүү, асыл тукум, эксперименттик чарбаларына, илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жана айыл чарба кооперативдерине жерлердин 20 жылга чейинки мөөнөттө пайдаланууга берилишин кошпогондо 5 жылдан ашык мөөнөткө ижарага берилери белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

