Бишкекте жаш өрт өчүрүүчүлөрдүн шамдагайлыгын сынаган иш-чара өткөрүлдү



















Бишкекте жаш өрт өчүрүүчүлөрдүн шамдагайлыгын сынаган иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара ӨКМга караштуу Мамлекеттик өрткө каршы кызмат агенттигинин полигонунда өткөрүлүп, ага шаардык мектептерден 5 команда түзүлүп, 35 окуучу катышты. Өз ыктыяры менен өрт өчүрүүчү болом деген жаш балдар атайын машыгууга делген 2 кабаттуу үйгө чыгып, 100 метрлик тоскоолдуктар орнотулган жолдон чуркап өтүштү.
100 метрди мыкты өтүп 1-орунга №11-орто мектептин окуучусу М.Акчабаев, 2-орунга №87-мектептин окуучусу Б.Бейшеналиев, 3-орунга №53-мектептин Б.Маматов аттуу окуучусу татыды. Ал эми 2 кабаттуу үйгө тепкич менен чыгуу боюнча 1-орунду №10-орто мектептен А.Момошев, 2-орунду №32-орто мектептен Р.Боргеликов жана 3-орунду №10-орто мектептен А.Жумаев алышты. Ошондой эле жалпы командалык оюнда №53-орто мектептин окуучулары 1-орунду, №32-орто мектептин жаш куткаруучулары 2-орунду жана 3-орунду №87-орто мектептин күжүрмөн балдары багындырышты. Жеңүүчүлөр дипломдор, грамоталар жана эсте каларлык белектер менен сыйланышты.
Сынак мектеп окуучуларынын арасында патриоттук сезимди ойготууга, кайраттуу болууга жана кокус өрт чыгып кете турган болсо, коопсуздук чараларын көрө билүүгө багытталган.

