super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Райнер Линднерди кабыл алды

 

Бүгүн, 20-майда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Райнер Линднер баштаган Германия Федеративдүү Республикасынын делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-германиялык соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин ортосундагы кызматташууну кеңейтүү, анын ичинде кыргыз жериндеги немис ишканаларынын активдүүлүгүнө өбөлгө түзүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөр жөнүндө, ошону менен бирге кыргыз мамлекетиндеги чет мамлекеттик капиталдык салымдар үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү жаатындагы аракеттер, анын ичинде инвестициялык жана салык саясатын либералдаштыруу жөнүндө маалымдады.

Президент "өлкө алдыдагы Евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерге катышуусу экономиканын түрдүү тармактарын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда" деп белгиледи.

Өз кезегинде Линднер немис ишкерлери өнөр жай, инфратүзүмдүк, тоо-кен, банк жана башка тармактардагы бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендигин билдирди.

Атамбаев Кыргыз Республикасы Германия экономикасынын күнүн ийгиликтүү өткөрүүнү каалап, бул иш-чара кыргыз-германиялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө жаңы дем берерине ишенерин билдирди.

Ошондой эле жолугушууга ГФРнын Экономика жана энергетика федералдык министрлигинин департаментинин жетекчиси Андреас Нойманн, Германия экономикасынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Йорг Хетч, ГФРнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Гудрун Мария Срэга жана ГТЦ эл аралык кызматташуунун Германия коомунун менеджерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча долбоордун жетекчиси Анжела Лееке катышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: