super.kg logo
  Саясат  

Президент кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө жана колдоо көрсөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду

 

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга 20-майда кол койду.

Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 8-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты – администрациялык милдетин азайтуу үчүн киреше, роялти жана сатуудан салыктарды төлөө жана салыктардын отчёттуулугун берүү мөөнөтүнүн мезгилдүүлүгүн кыскартуу жолу менен кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана колдоо көрсөтүү.

Мыйзам менен кичи жана орто ишкердик, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдарга мурдагы ай сайын салык   төлөө жана отчёт берүүнүн ордуна квартал сайын отчёт берүү тартиби аныкталат. Коммерциялык эмес уюмдарга ушул тартип жеке киреше салыгына карата гана жайылтылат.

Мыйзам 2015-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.                 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: