super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик органды реформалоо маселеси талкууланды

 

20-майда өкмөт башчы Темир Сариев экономика министри Олег Панкратов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Алмаз Кадыркулов жана башка ведомство жетекчилери менен мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик органды реформалоо маселесин талкуулады. Бул тууруалуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Реформалоо боюнча долбоордун бет ачарында белгиленгендей, фонддун иштөөсүндө ички жана тышкы көйгөйлөр орун алууда. Тактап айтканда, жетишсиз каржылоо, ишмердүүлүктүн бардык тармактарынын саясатташуусу, тармактык саясатты жүргүзүүдөгү макулдашуунун жоктугу. Ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкарууга карата стратегиялык мамиленин орун албагандыгы, мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо процессинин көп жылдарга создуктурулушу жана активдерди башкарууда заманбап ыкмаларды пайдалана албастык байкалууда.

Аталган фондду реформалоо мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкара ала турган түзүмдү түзүү, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча процесстердин айкындыгын камсыздоо максатында сунушталууда.

Талкуу жыйынтыгы боюнча премьер-министр Экономика министрлигине тамактык министрлик жана ведомстволор үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик органды реформалоонун долбоорунун бет ачарын өткөрүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: