super.kg logo
  Саясат  

Иранда кыргыз мамлекети менен Хорасан-Резави провинциясынын кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды

 
Кыргыз мамлекетинин Ирандагы элчиси Асанбек Осмоналиев 19-20-май күндөрү иш сапары менен Хорасан-Резави провинциясына барды. Иш сапардын максаты - кыргыз өлкөсү менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү. Тышкы иштер министрлигине таянсак, элчи аталган аймактын губернатору А.Рашидиан жана Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өлкөнүн түндүк жана чыгышы боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы А.Халес менен жолугушууларды өткөрдү. 
"Жолугушууда мамлекеттик жана жеке тармак боюнча тикелей байланыштарды бекемдөө, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ирандык губернатор кыргыз мамлекетинин ЕАЭСке кириши, мындан тышкары Ирандын ЕАЭСтин эркин соода аймагына кошулуу ниети эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. Жыйынтыгында аталган провинциянын делегациясынын кыргыз жерине иш сапары менен баруусун уюштуруу боюнча макулдашуу түзүлдү",- деп билдирет ТИМдин маалымат кызматы.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: