Президент Токтогул ГЭСинин жабдууларын жаңылоого багытталган макулдашууну ратификациялады
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүнүн II фазасы" долбоорун каржылоо жөнүндө" ратификациялык мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алган.
Ага ылайык, КРнын Каржы министрлигине Азия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

