Тайырбек Сарпашев 3 күндүк иш сапары менен Кытайга жөнөп кетти
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 21-майда Кытайга 3 күндүк иш сапары менен жөнөп кетти. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Сарпашев сапар алкагында соода жана туризм боюнча Кыргыз-Кытай инвестициялык форумуна катышат. Ошондой эле Шэньси провинциясынын жетекчилиги менен бир катар долбоорлорду талкуулап, Сиан соода-инвестициялык көргөзмөсүнө катышат. Синьцзян курулуш корпорациясы менен инвестициялык долбоорлор каралып, кытайлык ири ишканалар менен кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол коюлары пландалууда. Сарпашев кыргыз-кытай өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча тең төрага болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

