2014-жылы Ысык-Көлдө жайгашкан пансионаттарда 1-июндан 31-августка чейин 65 кылмыш катталган



Былтыр Ысык-Көлдө жайгашкан курорттук пансионаттарда 1-июндан 31-августка чейин жалпысынан 65 кылмыш катталган. Муну бүгүн, 21-майда маалымат жыйынында журналисттерге КРнын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Эркин Баев билдирди. Анын айтымында, алардын 80 пайызы тоноо фактысы боюнча болгон.
“2014-жылы 2013-жылга салыштырмалуу 3 кылмышка азыраак катталган. Алардын деле 80-85 пайызы тоноочулук фактысы болгон. Ал эми былтыр жасалган кылмыштардын 14ү чет өлкөлүк жарандарга карата жасалган. Мунун ичинен 8 кылмыштын бети ачылып, калганы иликтенүүдө”,- дейт орган кызматкери.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.