Юстиция министри: “Кыргыз мамлекетинде учурда 199 саясий партия бар”
Учурда Юстиция министрлигинде 199 саясий партия каттоодо турат. Муну бүгүн, 21-майда маалымат жыйынында юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева билдирди. Анын айтымында, аларга карата инвентаризация өткөрүлө элек. Бирок быйыл шайлоого 5 күн калганда министрлик шайлоого катыша ала турган партиялардын тизмесин коомчулукка жарыялайт.
“Саясий партиялар 2010-жылы массалык түрдө пайда болуп, Юстиция министрлигинде каттала баштаган. 2014-жылы 6 партия саясий партия катталды. Ал эми быйыл жыл башынан бери 2 жаңы партия биздин тизмеде пайда болду, ал эми калгандары кайра каттоодон өтүшүүдө”,- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















