super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги №4-ооруканада рентген аппараты улам-улам иштен чыгып, бейтаптар да, дарыгерлер да убара тартышууда

 

Бишкектеги №4-ооруканада рентген аппараты улам-улам иштен чыгып, бейтаптар да, дарыгерлер да убара тартышууда. Мындай пикирди депутат Асия Сасыкбаева бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты. Анын айтымында, аталган оорукананын рентген аппараты 50 жыл мурун алынган. "Бул ооруканага республиканын булуң-бурчунан келип дарыланышат. 50 жыл болгон рентген аппараты улам-улам иштен чыгып калууда. Оорукананын башка аппараттары деле жыргатарлык эмес”,- деген Сасыкбаева бул маселени өкмөткө табыштады.

Саламаттыкты сактоо тармагына токтолгон депутат Ташполот Балтабаев Баткен облусундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору 15 жылдан бери курулуп бүтпөй келе жатканын сынга алып, быйыл республикалык бюджеттен бөлүнөт деген 8 миллион сомдон дайын жок экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: