super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште аймактарда нөшөрлөп жааган жаандан улам жүргөн селдин кесепеттери айтылды

 

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңеште республика аймактарында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел, кыяндардын кесепеттери айтылды.

Депутат Ирина Карамушкина Чүйдүн Сокулук районунун Кызыл-Туу, Саз айыл аймактарындагы айылдарды сел каптап, бир топ кыйынчылыктар жаралгандыгын тизмектеди. Анын маалыматы боюнча, бул аймактагы 61 объект селден жабыркаган, гектарлаган жерлерге айдалган жашылча-жемиштерди сел жууп кеткен, 6 көпүрө кыйраган. Селдин кесепеттери менен тааныштырган Карамушкина райондо эсептик-счёт ачылса, каржылык жардам көрсөтүүнү демилгеледи.

Ал эми депутат Мирлан Бакиров Жалал-Абаддын Сузак районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы Алтын-Кыя айылына баруучу жолду жыл сайын сел жууп кетерин, азыр дагы жол жарым-жартылай жабык экенин билдирди. “Жаз маалында, айрыкча жамгырдын көп жаашы күтүлгөн мезгилде селдин алдын алуу максатка ылайыктуу. Селдин кесепети менен күрөшпөй, анын алдын алуу акылга сыят, каражат бир топ үнөмдөлөт”,- дейт ал.

Депутат Алишер Абдырахманов Баткен районунун Зар-Таш айылындагы каналга дамба курулганын, жаандын көп жаашы менен каналдагы суунун деңгээли көтөрүлсө, буга чейин курулган дамбага жумшалган каражат текке кетпесин деген кооптонуусун айтып, дамбаны дагы бекемдөө керектигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: