super.kg logo

Юстиция министри: “Антикоррупциялык экспертизаны көз карандысыз уюмдар деле өткөрө алышат”

 

"Антикоррупциялык экспертизаны Юстиция министрлигинен бөлөк көз карандысыз уюмдар деле өткөрө алышат". Мындай маалыматты бүгүн, 21-майда журналисттер менен болгон жолугушууда юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери экспертизаны өткөрүүгө укукту министрлик берет, ал үчүн уюм каттоодон өтүшү зарыл.

Коррупцияга каршы иш алып баруу боюнча жумуштар көп жылдан бери эле уланып келе жатат. КРнын Коргоо кеңешинин өткөргөн анализинин алкагында ар бир министрликтин ичинде коррупциялык таасири күчтүү болушу мүмкүн деген жерлер аныкталып, атайын схемалар түзүлгөн. Өз учурунда биз да бул боюнча министрликте иштерди аткаруудабыз. Ал эми коррупциянын бетин ачуу боюнча суроо-талап акыркы эки жылда активдүүлүгүн көрсөтө баштады”,- дейт министр Мамбеталиева. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: