super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге кирүү келишимдерине кол койду

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-майда кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишимдердин топтомуна кол койду. Президенттик аппараттан билдиришкендей, кол коюу иш-чарасына премьер-министр Темир Сариев, биримдикке кирген өлкөлөрдүн кыргыз жериндеги элчилери жана башкалар катышты. 

Документтер ратификацияланганы тууралуу Евразия экономикалык комиссиясына нота жиберилүүгө тийиш. Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн парламенттери да келишимдерди бекитип, президенттери кол коюшу керек. 

Айта кетсек, Жогорку Кеңеш өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишимдерди 20-майда ратификациялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: