super.kg logo
  Саясат  

Социалдык фондду аргасыз карыздардан жеңилдетүү демилгеси көтөрүлдү

 

Жогорку Кеңеште Социалдык фонд тармагын аргасыз карыздардан жеңилдетүүгө багытталган "Камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Социалдык фонддун берген маалыматына караганда, кудуретсиздик жол-жоболору аяктаган ишканалар менен уюмдардын социалдык камсыздандыруу жаатындагы туумдар менен айыптык төлөмдөр боюнча аргасыз карыздары 36,8 миллион сомду түзөт. Карыз ээлери азыр кайда экени белгисиз болгондуктан, бул карыздарды сот аркылуу төлөтүп алуу мүмкүн эмес. Бул мыйзам кабыл алынса, жалпы социалдык камсыздандыруу карыздарынын өлчөмү 150 миллион сомго азаюуга тийиш.

"Азыркы учурда юридикалык жак катары түзүлбөгөн дыйкан чарбаларынын туумдар менен айыптык төлөмдөр боюнча аргасыз карыздары 19 миллион сомдон ашты. Өлкөдө 250 808 ушундай төлөм ээлери бар, алардын басымдуу бөлүгү төлөөгө жөндөмсүз. Ошондон улам негизги карызды калтырып, аларга карата туумдар менен айып төлөмдөрүн кечүү туурасында сунуш киргизилип жатат. Соцфонд ушуну менен бул маселеге биротоло чекит коюуну чечкен",- деди фонддун өкүлү. 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: