super.kg logo

Бишкекте кайрымдуулук концерти өттү (Фоторепортаж)

 

Бүгүн, 20-февралда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата кайрымдуулук концерти өттү. Иш-чараны Коргоо министрлиги менен Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын татар-башкыр диаспорасы уюштурган. Концерттин катышуучуларын, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов куттукташты. “Согуш ардагерлерин, келечекте биздин өлкөнү коргой турган жаш аскерлерибизди жана жалпы эле залда отурган эр-азаматтарды 23-февраль майрамы менен куттуктайм! Жалпыңарга чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм”.- деди министр. Мындан сырткары майрамдык концертке белгилүү ырчылар Асел Турдалиева, Султан Каримов жана шаардагы №62-мектептин, Д.Асанов атындагы аскердик лицейдин окуучулары, татар-башкыр диаспорасынын өкүлдөрү катышышты. Ал эми президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева ден соолугуна байланыштуу аталган концертке келе албаганын айтышты уюштуруучулар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: