super.kg logo
  Саясат  

"Кыргыз алтындын" башчысынын орун басары кызматына Бектур Сагынов дайындалды

 
"Кыргыз алтын" ишканасынын төрагасынын финансы жана экономика иштери боюнча орун басары кызмат ордуна Бектур Сагынов дайындалды. Бул тууралуу "Кыргыз алтын" ишканасынын Директорлор кеңешинин 2015-жылдын 20-майындагы №22-чечимине ылайык кабыл алынганын 21-майда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, Б.Сагынов “Кумтөр” долбоорун кайра түзүмдөштүрүү боюнча “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Консультативдик кеңеште иштеген. Буга чейин Сагынов Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында жана өкмөттүн аппаратында эксперт болуп эмгектенген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: