super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте куран окуу боюнча сынак өтөт

 

21-февралда Бишкек шаарындагы Борбордук мечитте алгачкы жолу бүткүл республикалык куран окуу боюнча сынак болот. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Айта кетсек, буга чейин, тактап айтканда, 11-17-февраль күндөрү Бишкек жана Ош шаарынын, облус Казыяттары куран окуу боюнча жарыш өткөрүп жеңүүчүлөргө борбордо өтө турган сынакка катышууга  жолдомо беришкен. Сынакка Бишкек шаарынан 4, Ош шаарынан 6, Ош облусунан 6, Жалал-Абад облусунан 4, Баткен облусунан 6, Талас облусунан 1, Чүй облусунан 6, Ысык-Көл облусунан 1, Нарын облусунан 2 талапкер катышат. Ошондо жалпы 36 катышуучу ат салышмакчы. Сынак "Курандын 10 жүзүн жаттагандар" жана "Куранды толук жаттагандар" болуп эки багытта өтмөкчү.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: