Канжар Кадыралиевдин иши сотко жиберилди

Бир нече беренелер боюнча айыпталып жаткан Канжар Кадыралиевдин иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу 21-майда SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын маалымат кызматы тастыктады. Маалыматка таянсак, кылмыш иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна кароого жиберилди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, Башкы прокуратура 2014-жылдын 30-сентябрында, 14-ноябрында жана 5-декабрында Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 2015-жылдын 26-мартында Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.
Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар Кадыралиев Ош шаардык прокуратурасында иштечү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

