Жогорку Кеңеш бойго жете элек балдарды жана аялдарды мунапыс аркылуу абактан бошотууну жактырды
Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңеш “Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө” мыйзамды жактырды. Добуш берүүгө катышкан 105 депутаттын баары "макул" деп добуш беришти.
Документке ылайык, бойго жете элек балдарга, жаш балдары бар аялдарга, кош бойлуу аялдарга жана 55 жаш курагынан өткөн улгайган аялдарга карата мунапыс жарыяланмакчы. Эми мыйзам президент тарабынан кабыл алынса, жазык аткаруу жайларынан 901 адам бошотулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

