Бишкекте балдарга карата зордук-зомбулукка бөгөт коюу, балдарды мектепке тартуу маселелери талкууланды




Бүгүн, 21-майда КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде Ички иштер министрлиги менен биргеликте атайын кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, кеңешмеге Билим берүү жана илим министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, Чүй облусунун райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги катышты.
Отурумдун жүрүшүндө күн тартибине коюлган балдарга карата зордук-зомбулукка бөгөт коюу, балдарды мектепке тартуу жана сабактарга катышуусун көзөмөлгө алуу, окуу жылынын аякташы менен бүтүрүү иш-чараларын так жана коопсуз өткөрүү боюнча бир катар маселелер талкууга алынды.
Эскерте кетсек, министр Эльвира Сариева буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги жана Ички иштер министрлиги бүтүрүү сынактары болуп жаткан учурда жана бүтүрүү иш-чаралары мезгилинде окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биргеликте иш алып барышы керек экендигин белгилеген.

