Депутаттар Курмантай Абдиевдин Курманбек Бакиев менен мамилеси кандай болгонуна кызыгышты

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлер Курмантай Абдиев жана Жедигер Саалаев менен таанышууда. Депутаттар аларга өз суроолорун берип жатышат.
Автор: Нургазы Аматов
Депутат Дастан Бекешев талапкерлердин бири К.Абдиевдин мурда Бакиев менен мамилеси кандай болгонуна кызыкты. "Сиз Бакиевдин убагында юстиция министри болгонсуз. Аны менен мамилеңиз кандай болгон?"- деп сурады Бекешев.
"Бакиев менен кызматтык мамиледе гана болгом. 2009-жылдын 15-декабрында Бакиевдин кабыл алуу бөлүмүндө 7 мүнөт эле болгом. Анда мени премьер-министр министр кызматына дайындоого сунуштаган болчу. Бул кызматта 3,5 ай аралыгында иштегем. Ал киши менен бет маңдай
сүйлөшкөн эмесмин. Ортобузда нукура кызматтык мамиле болгон",- деп жооп берди Абдиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

