super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын судьялыгына Курмантай Абдиев жана Жедигер Саалаевди жактырышты

 

Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында депутаттар Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына Курмантай Абдиев жана Жедигер Саалаевди жактырышты.

Добуш берүүдө Ж.Саалаевге 60 депутат "макул", 32 депутат "каршы" деп добуш берсе, К.Абдиевге 72 депутат "макул", 21 эл өкүлү "каршы" деп добуш берди. Добуш берүүдөн кийин талапкерлер расмий ант беришти. 

Абдиев 2010-жылы "Ата Журт" фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал өз сөзүндө депутаттардын ишеним көрсөткөнүнө ыраазычылыгын билдирди. 

Айта кетсек, эки талапкерди апрель айынын башында Сотторду тандоо кеңеши президент Алмазбек Атамбаевге сунуш кылышкан. 15-апрель күнү президент Сотторду тандоо кеңешинин курамы менен сүйлөшүү жүргүзүп, парламенттин кароосуна киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Айта кетсек, Курмантай Абдиев - Жогорку Кеңештин депутаты, Жедигер Саалаев - коомдук ишмер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: