Ош. Окуучулардын олимпиадасынын шаардык баскычында алдынкы 3 орунду ээлеген окуучулар сыйланышты




Бүгүн, 21-майда Ош шаарындагы Горький атындагы мектепте окуучулардын предметтик олимпиадасынын шаардык баскычында алдынкы 3 орунду алган 200дөн ашык окуучуга жана алардын мугалимдерине Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын дипломдору жана баалуу белектери тапшырылды.
Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, мектеп окуучуларынын олимпиадасы Ош шаарында 4 баскыч менен өткөрүлүп, ага жалпы 3 миңден ашык окуучу катышкан. Андан тандалып алынган 34 окуучу республикалык турга барып, Бишкек шаарынан кийинки 2-орунду багындырып келишти. Тактап айтканда, кыргыз тили предметинен 2 окуучу 1-орунга, физика, англис тили, химия, тарых жана информатика сабактары боюнча барган окуучулар 1-орунга ээ болушту. Калган сабактардан 4 окуучу 2-орунду, 2 окуучу 3-орунду алышкан.
Аталган иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер катышты.

