super.kg logo

"Бээжин-2008" Олимпиадасынын коло медалынын ээси Руслан Түмөнбаев социалдык жетимдерге кеп-кеңешин берди

 
Бүгүн, 21-майда Бишкектеги ата-эне мээриминен четте калуу коркунучунда турган балдар тарбияланган жайда иш-чара болду. Анда Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары, "Бээжин-2008" Олимпиадасынын коло медалынын ээси Руслан Түмөнбаев социалдык жетимдерге, жарым жетимдерге кеп-кеңешин берди. Ал жаш балдарга ийгиликке жетүүнүн сырларын, Олимпиада оюндарына жана жалпы спортко байланышкан кызыктуу окуяларын айтып берди. Бул жердин тарбиялануучулары спорт ишмерине алдын ала кат жазып, келип берүүсүн суранышкан. Балдар узаткан суроолордун басымдуу бөлүгү спортко тиешелүү болуп жатты.  
Р.Түмөнбаев иш-чаранын жүрүшүндө Олимпиаданын коло медалын, Азия чемпиондугунун алтын медалын окуучуларга көрсөттү. "Силерге дагы жуксун" деп тилеген мугалимдеринин сунушу менен 12-13 жаш курагындагы окуучулар медалдарды моюндарына тагып көрүштү.
Кошумчалай кетсек, бул жерде ата-энеси бар социалдык жетимдер жана жарым жетим балдар үй-бүлөнү бекемдөө долбоорунун алкагында тарбияланышат. Аларга социалдык, психологиялык жана экономикалык жардамдар көрсөтүлүп, түрдүү ийримдер уюштурулат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
21.05.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат жаштарга шык беруу керек.
24.05.2015. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Руслан ОЗУ жаш эле спортон алыстады дагын канчалаган Ч.мирага и Азия чемпиондугуна Олимпиадага катышса болмок Руслан Олимпиада чемпиону боло турган жигит эле озун спорттон эрте таштап койду.
27.05.2015. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bors, Русландын спортту таштоосуна дагы коптогон себептер бар. Сиз экообуз билген да, билбеген да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: