super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф менен жолугушту

 

Президент Алмазбек Атамбаев 21-майда кыргыз жерине расмий сапар менен келген Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык тармактардагы кызматташуунун учурдагы абалына жана келечегине тиешелүү маселелер талкууланды.

Ошондой эле эки тарап эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, тактап айтканда, ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга тиешелүү маселелерге токтолушту.

Мамлекет башчы Кыргыз Республикасы кыргыз-пакистандык кызматташууга чоң маани берерин белгилеп, Шариф мырзанын расмий сапары эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө жана жандандырууга жаңы дем берерине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Наваз Шариф достуктун жана жакшы коңшулаштыктын тыгыз тарыхый байланышына негизделген эки тараптуу кызматташуу ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгиледи. “Биздин мамилелер өнүгүү жолунда экендигине ишенем. Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди чыңдап жана жакындаштырууга жетишебиз деп ишенем. Мамилебиз мындан дагы жылуу болот деген үмүттөбүз”,- деди Шариф.

Ошону менен бирге Шариф кыргыз өлкөсү демократияны бекемдөөгө зор салым кошкондугун Пакистан жогору баалайт деп баса белгилеп кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: