“Жарнак жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизилди
“Жарнак жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизилди. Бул тууралуу мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев 21-майда кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган.
Мыйзам кайсы тилде чыгарылгандыгына карабастан, жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды. Аталган максатта “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 3-пунктуна "жалпыга маалымдоо басылма каражаттарындагы жарнак ошол басылма чыгарылган тилде, ошондой эле жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча башка тилдерде дагы жайылтылат" деген толуктоо киргизилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

