super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз журналисттери жана маданият өкүлдөрү Малайзияга барышмакчы

 
Жакында чыгармачыл топ: журналисттер жана маданият өкүлдөрү кыргыз жеринен Малайзияга сапар алганы жатат. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты - эки элдин жакындашуусуна жана өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирген Малайзиянын тажрыйбасын жакындан көрүп-билүүгө шарт түзүү. 
Кыргыз мамлекетинин Малайзиядагы элчилигинен билдиргендей, сапарда журналисттер Малайзиянын массалык маалымат каражаттарынын иштөө өзгөчөлүгү, туризм жана билим берүү тармагындагы жетишкендиктери тууралуу тийиштүү мекемелерге барышып, жакындан маалымат алышмакчы. Чыгармачыл топту аталган өлкөдөгү мекендештерибиздин жашоосу менен тааныштыруу да күтүлүүдө. 
Белгилей кетсек, иш-чара "Ала-Тоо" кыргыз биримдиги жана Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылмакчы. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: