Министрдин "Жер-Үй" кенинде мөңгү бар" деген жообу депутаттардын күлкүсүн келтирди

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында "Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамынын долбоору талкууланууда.
Автор: Нургазы Аматов
Мыйзам долбооруна ылайык, мөңгүлөрдүн абалына же аларда камтылган суулардын сапатына таасир этиши мүмкүн болгон иш-аракеттерге жана муз даярдоо менен байланышкан иш-аракеттерге уруксат берилмекчи.
Отурумда айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев өлкөнүн аймагында бийик
тоолуу чөлкөмдө жайгашкан 16 ири
пайдалуу кен чыккан жер бар экенин билдирди. Депутат Өмүрбек Текебаев андан "Кумтөр" кенинен тышкары дагы кайсы кенде мөңгүлөр бар?" деп сурады. Буга министр "Жер-Үй" кенинде" деп жооп бергенде, депутаттар күлүп жиберишти.
"Бул долбоордун астында сиздин колуңуз турат. Маалыматты текшербей эле маанилүү документтерге кол коё бересизби?"- деди Текебаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

