super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев юстиция министри менен өкмөт чечимдерин кабыл алуунун ыкчамдыгын жогорулатуу маселесин талкуулады

 

22-майда премьер-министр Темир Сариев юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева менен Өкмөт үйүндө жолугушуу өткөрдү. Маалыматты өкмөттөн кабарлады. 

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы өкмөттүн чечимдерин кабыл алуунун ыкчамдыгын жана сапатын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. "Кабыл алынып жаткан ченемдик-укуктук актылардын сапаты заманбап талаптарга жооп бербейт. Мындан тышкары документтерди кабыл алуу процесси узак мөөнөттү талап кылат. Бул процессти тездетүү кажет",- деди Сариев.

Өкмөт башчы ошондой эле өкмөт тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына өзгөчө көңүл бурду. "Учурда мамлекеттик аткаруу бийлик органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышын координациялоо жана көзөмөлдөө жок болууда. Тийиштүү механизм иштеп чыгуу зарыл",- деп эсептейт ал.

Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө Юстиция министрлигинин ролун күчөтүү, министрликтин жана мамлекеттик органдардын юридикалык кызматынын мүмкүндүгүн жогорулатуу, ведомствонун натыйжалуу түзүмүн уюштуруу маселесин талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: