super.kg logo

"Евровидение-2015" сынагынын финалынын катышуучулары белгилүү болду

 
Кончита Вурст, чын аты Томас Нойвирт

Австриянын Вена шаарында өтүп жаткан "Евровидение-2015" сынагынын чечүүчү мезгили жакындап келүүдө. Ыр сынактын финалына чыккан 27 мамлекеттин катышуучулары эртең, 23-майда өз өнөрлөрүн көрсөтүп, Европадагы эң абройлуу сынактын жеңүүчүсү аталууга аракет кылышат. 

Сынакка 33 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. Жарым финалда чүчү кулактын негизинде аткаруучулар 2 топко бөлүнүшкөн (1-топто 16 катышуучу, 2-топто 17 катышуучу). Алар жарым финалда ушундай тартипте таймашып, финалчыларды аныкташты. Жыйынтыгында 2 топтон ондон ырчы (жалпы 20 ырчы) финалга жолдомо алды. 

Ошондой эле сынакты негиздеген өлкөлөр Улуу Британия, Германия, Испания, Италия, Франция мамлекеттеринин өкүлдөрү, сынактын былтыркы жеңүүчүсү - Австриянын өкүлү жана конок катары чакырылган Австралиянын өкүлү тандоо туруна катышпай туруп финалга жолдомо алды. 

Жарым финалдын жыйынтыгында финалга Литва, Польша, Словения, Швеция, Норвегия, Черногория, Кипр, Азербайжан, Латвия, Израиль, Албания, Армения, Орусия, Румыния, Венгрия, Греция, Эстония, Грузия, Сербия жана Бельгия мамлекеттеринин ырчылары чыгышты. 

Кошумчалай кетсек, “Евровидение” сынагы 1955-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл 60-ирет өткөрүлүп жаткан сынак Европа уктуруулар союзу тарабынан демилгеленип, уюшулган. Сынактын көрөрмандарынын саны 600 миллион адамды түзөт (болжолдуу түрдө). Аталган сынак Европа өлкөлөрүнөн тышкары түз эфир аркылуу Кыргыз Республикасы, Казакстан, Австралия, Канада, Египет, Индия, Ливан, Түштүк Африка, Түштүк Корея, АКШ жана башка өлкөлөрдө көрсөтүлөт. Жеңүүчү интерактивдик добуш берүүнүн жана улуттук калыстар тобунун чечими менен аныкталат. 

Былтыр Австриянын өкүлү Кончита Вурст сынактын жеңүүчүсү аталып, бул дүйнөлүк коомчулук арасында бир топ нааразычылыктарды жараткан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.05.2015. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кончита бочого
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: