super.kg logo

Жалал-Абад. Бүтүрүүчү класстардын шаан-шөкөт уюштурбоосу үчүн тынымсыз рейд жүргүзүлөт

 

Жалал-Абадда бүгүн, 22-майда билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери, мектеп директорлору, мектеп президенттери жана ата-энелердин катышуусунда жыйын болуп өттү. Анда окуу жылын жыйынтыктоо жана "Акыркы коңгуроо", "Бүтүрүүчү күбөлүгүн тапшыруу", "Таң тосуу" сыяктуу салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө жеңил автоунаалардын коштоосундагы жүрүштөрдү уюштурууга, ата-энелердин катышуусу менен ресторан, кафелерде, табиятта, оюн-зоок жайларында кечелерди өткөрүүгө жана акча чогултууга тыюу салынгандыгы боюнча талкуу жүрдү.

Мэриядан кабарлашкандай, жыйында ата-энелер жана окуучулар макулдук беришти. Алдыдагы 1 ай ичинде милиция жана билим берүү кызматкерлери тарабынан шаан-шөкөт уюшулуусуна каршы тынымсыз рейд жүргүзүлөт. Кайсы бир окуучулар тарабынан уюштуруучулук, акча каражатын чогултуулар болсо, аларга күбөлүк, аттестат берилбейт.

Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад шаарында Акыркы коңгуроо салтанаты 29-май күнү өтөт. Шаар боюнча быйыл 667 окуучу мектепти жана 1429 окуучу 9-классты аяктоодо.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: